Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Ошто сабалган жоокердин жакындары аскер прокуроруна нааразы


Оштогу №30-626 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып таякталган жоокер Асилбек Ажиевдин ата-энеси Ош гарнизондук аскер прокуратурасына нааразы. Бул тууралуу жоокердин ата-энеси “Азаттыкка” кабарлады. Алардын айтымында, Ош гарнизондук аскер прокурору аларды кабыл албай койгон.

Оштогу №30-626 аскер бөлүктүн катардагы жоокери Асилбек Ажиев офицерлер Ырысбек уулу Эрлан жана Нургазы Чекиров тарабынан сабалган. Бирок бул боюнча азыркыга чейин кылмыш иши козголбой, бир дагы аскер кызматкери жазаланган эмес. Ош гарнизондук Аскер прокурартурасынын тергөөчүсү Куштарбек Маматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Асилбек Ажиев аттуу жоокердин арызы боюнча кылмыш иши козголор же козголбоосу азырынча белгисиз.

Бул арада Асылбектин бутуна экинчи ирет операция жасалганы турат. Жоокердин туугандарынын айтымында, дарыгерлер жарат ырбап сөөккө өтө баштаганын, анын бутунан айрылуу мүмкүндүгүн эскертишкен. (YI/UEz)

XS
SM
MD
LG