Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Ирак: жоголгон жоокерлердин туугандары парламентти басып алышты


Иракта аскерде жоголгон жоокерлердин туугандары парламент имаратында отуруп митинг өткөрүүдө.

Алар жоголгон аскерлер жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда. “Азаттык” радиосунун кабарчысынын билдиришинче, депутаттар алардын арызын укмак болгондон кийин, алар кафени калтырып, залга өтүштү. Бирок эртең талабы толук чечилмейин залдан чыгып кетүүдөн баш тартышты.

Алар июнь айында Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарында “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары туткунга алган жоокерлер өлтүрүлгөн жана сөөгү табылбай калат деп чочушат. Нааразылар 2-сентябрда таң эртелеп парламентке киргенден кийин кафенин эшик-терезелерин сындырып, ээлеп алышкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG