Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Саудияда сексенден ашуун адам кармалды


Cауд Арабияда падышалыкта жана сырт өлкөлөрдө кутумчулук кылган деп шектелип, 88 адам камакка алынды. Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынын күчөшү Саудияны коопсуздук чараларын бекемдөөгө түртүүдө.

Падышалыктын Ички иштер министрлигинин өкүлү Мансур Түркинин 2-сентябрда билдиришинче, камакка алынган 58 адам мурда ушундай эле айып менен кесилип, абакта отуруп чыккан экен.

- Камалгандардын үчөө Йемен жарандары, биринин өздүгү аныкталууда. Калгандары саудиялыктар, - деди Түрки.

Саудиянын Ички иштер министрлиги маң аткезчилиги менен кармалган үч сириялык жана бир ирандык жаран 2-сентябрда кылычталып өлтүрүлгөнүн да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG