Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Министр электр энергиясына чектөөнү көбөйтүүнү сунуштады


Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев тармакта абал оор экенин эскертип, лимиттерди көбөйтүүнү сунуштады

2-сентябрь күнү өкмөттө өткөн селектордук жыйында министр электр энергиясын үнөмдөө максатында буга чейин киргизилген 1,6 киловатт сааттык лимитти 2,3 киловатт саатка чейин узартуу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген 30 пайыздык чектөөлөр сакталбай, электр колдонуу 280 млн. киловатт саатка көбөйдү. Ашыкча пайдалануулар башка аймактарга салыштырмалуу Чүй облусу менен Бишкек шаарында көбүрөөк байкалууда. Министр айткан сунуштар боюнча бейшемби күнү өкмөттө кезектеги жыйын болуп, токтом кабыл алынат.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кечээги жыйында энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, көбүрөөк рейд уюштурууну, ар бир короону текшерип, үч фазадан пайдаланып жаткандарга эскертүү берип, өчүрүүнү тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG