Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Жүрөк оорулуу балдарга Түштүк Кореяда операция жасалат


Жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен ооруган балдарга Түштүк Кореяда акысыз операция жасоо долбоорун Кызыл жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырууда.

3-сентябрда оорукчан балдарды тандап алуу үчүн кореялык адистер келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кызыл жарым ай коомунан кабарлашты. Алдын ала маалыматтар боюнча Кореяда дарылануу үчүн 12 бала жөнөтүлөт.

Соңку эки жыл аралыгында Түштүк Кореяда кыргызстандык 20 бала акысыз дарылануудан өткөн. Операция үчүн бир адамга 20 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар саны көбөйгөн. Ошондой эле бул дарттан чарчап калган балдар жана майып болуп калгандар 20 пайызга чейин өскөнү өткөн жылкы отчеттордо айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG