Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

“Ислам мамлекети” тобу дагы бир журналист өлтүрүлгөнүн маалымдады


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун согушкерлери шейшемби күнү дагы бир америкалык журналист Стивен Сотлоффтун башы алынганы жазылган тасманы таратты. Ак үй бул тасма жасалма эместигин билдирди.

Сотлофф аталган топ тарабынан өмүрү кыйылган экинчи журналист. 19-августта дагы бир журналист Жеймс Фоули өлтүрүлгөнү маалымдалган эле. Анда согушкерлер эгер АКШ тараптан Ирак түндүгүндө “Ислам мамлекети” тобуна каршы абадан сокку уруулар токтотулбаса, кийинки курмандыктар болорун эскерткен болчу.

Вашингтон зомбулуктарды токтотуу максатында Ирактагы экстремисттик топторго каршы аскерий аракеттерди жүргүзүп жатканын буга чейин президент Барак Обама билдирген.

Маркум журналист Стивен Сотлофф Time жана The national interest журналдарында иштеген. 2013-жылы Сирияда согушкерлер тарабынан уурдалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG