Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Токтонасыров парламенттен Лукашенкого чара көрүүнү талап кылууда


Жарандык активист жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Ак үй алдына акцияга чыгып, Жогорку Кеңештен Беларус президентинин аракеттерин жалпы жыйында талкуулоону талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады.

Активист 2010-жылы качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей, ага “Эл достугу” орденин ыйгарган Александр Лукашенкону эл аралык сотко берүүнү сунуштоодо.

Токтонасыров Лукашенконун аракеттерине эч кандай түшүндүрмө бере албаган Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенконун кызматтан кетүүсүн да талап кылат.

Белорус президенти Александр Лукашенко августтун башында 2010-жылдын апрелинде элге каршы ок атууга буйрук берген деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан соттолгон Курманбек Бакиевди “Эл достугу” ордени менен сыйлаган болчу.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG