Бүгүн, саат 08:11 чамасында Ысык-Көл аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Жер титирөөнүн күчү Барскоон, Тамга, Кичи-Жаргылчак айылдарында 4, Ак-Терек, Тосор, Жеңиш айылдарында 3, Дархан айылында 2,5 - 3, Кажы-Сайда - 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Күчү 5 баллга жеткен жер силкинүү кечээ Ош аймагында да катталган. Маалыматтарга ылайык, Кыргызстан быйыл сейсмологиялык жактан активдүү болуп, майда жер титирөөлөр көп катталууда. (UEz)