Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Жусупбеков боюнча райсоттун чечими күчүндө калды


Бишкек шаардык соту №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жсупбековдун иши боюнча соттук коллегияда райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Октябрь райондук соту Жусупбековду тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, 7-майда 4 жылга эркинен ажыраткан.

Жусупбеков шаардык соттун чечими күтүүсүз болгонун, жакын арада Жогорку Сотко доо-арыз менен кайрыларын айтууда. Ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

13-майда Жусупбековдун кан басымы көтөрүлүп, №1 тергөө абагынан Республикалык кардиология борборуна жеткирилген. Өмүрүнө туулган коркунучка байланыштуу кийин №32 жатак абакка которулган. Өзү мурда башкарган абакта кармалып тургандар аны өлтүрүүгө аракет жасашкан.

Марс Жусупбеков №1 тергөө абагын жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге жол берген деп айыпталып, былтыр камакка алынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG