Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Талас: кармалган эки жаран үй камагына чыгарылды


Таласта башаламандык уюштурду деп кармалган эки жаранды Шаардык сот үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов билдирди.

Анын айтымында, Талас шаардык соту Бакай-Ата районунун тургуну Абдыманап Кожогелдиев менен Кара-Буура районунун тургуну Минур Сейталиевдин кармалышын мыйзамдуу деп таап, үй камагына бошоткон. Кармалгандардын дагы бири Чыңгызхан Кожогелдиев Шаардык соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды.

Бул үч жаран Боо-Терек айылындагы жаз айында болгон массалык башаламандыкка байланыштуу 1-сентябрда кармалган. Аларды бошотууну талап кылган 50 чакты адам облус милициясынын алдында митинг уюштурушкан.

3-апрелде Боо-Терек айылында жергиликтүү эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, милициянын автоунаалары өрттөлгөн. Жергиликтүү эл Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Талас-Тараз жолун жабышкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече жергиликтүү тургун жана милиция кызматкери жабыркаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG