Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Эмгек мигранттары айылдаштарына көпүрө салып берди


Жалал-Абад шаарына караштуу Кызыл-Суу айылына чет элдеги мигранттардын жана айылдыктардын каражатына 2 млн. сомдук көпүрө ашар жолу аркылуу курулуп, пайдаланууга билдирди. Бул тууралуу жеке ишкер Талант Баев билдирди.

Москвадагы айылдык балдардын фондунан, Америкада, Түркияда, Казакстанда иштеген кызылсуулук балдардан жардам келди - дейт Баев.

150 түтүн эл жашаган айылда 20 жылга жакын убакыттан бери көпүрөнүн жоктугу элеттиктерди түйшөлтүп келген. Жергиликтүү бийлик тарабынан 13 млн. сомдук долбоор жазылып, бирок ал ишке ашкан эмес.

Узундугу 10 метрди түзгөн көпүрө 1,5 ай аралыгында курулуп пайдаланууга берилди. Кызыл-Суу айылы Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым аралыкта жайгашкан.(RsK)

XS
SM
MD
LG