Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Казакстанда радиоактивдүү зат салынган канистр жоголду


Казакстанда илимий изилдөө үчүн ташылып бараткан цезий-137 радиоактивдүү заты салынган канистр табылбай жатат. 27-августта канистр "КамАЗ" унаасы жолдо баратканда ичинен түшүп калган. Окуя болгон Маңгыстоо облусунун бийлиги кимде ким аны таап алса ачпашы керектигин, себеби ууланган адам өлүмгө учурашы мүмкүн экенин айтууда.

Цезий-137 атомдук өнөр жайда жана медицинада колдонулуучу радиоактивдүү зат. Эгер жоголгон контейнер кокус ачылып калса аймактагы радиоактивдүүлүктүн деңгээлин жогорулатып, экологияга коркунуч жаралышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG