Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

АКШ Иракта дагы бир журналист өлтүрүлгөнүн тастыктады


Иракта өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюмдун согушкерлери дагы бир америкалык журналистти өлтүргөнү жөнүндө маалымат чындык. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Кейтлин Хейден билдирди. Ал интернетте тараган видеону тастыктады.

АКШ президенти Барак Обама журналист Стивен Сотлоффтун мууздалышын "эң мыкаачы зомбулук" деп атап, буга айыптуулар сөзсүз жазасын аларын, Ирактагы согушкерлерге чабуул токтобосун билдирди.

Ирактагы согушкерлер 19-августта дагы бир америкалык журналист Жеймс Фоулинин башын алган болчу. Аны да видеого тартып, интернетке койгон. Эгер АКШ тараптан Ирак түндүгүндө “Ислам мамлекети” тобуна каршы абадан сокку уруу токтотулбаса, кийинки курмандыктар болорун эскерткен.

Маркум журналист Стивен Сотлофф Time жана The national interest журналдарында иштеген. 2013-жылы аны Сирияда согушкерлер уурдап кеткен бойдон туткунда жүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG