Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Обама: АКШ НАТОдогу милдеттерине бекем турат


АКШ НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууда өз милдеттерине бекем турат. Бул тууралуу бүгүн АКШ президенти Барак Обама Таллинде Эстония бийлигинин башчылары менен жолугушуудан кийин айтты. Ал Украинадагы окуяларды Орусиянын агрессиясы менен байланыштырып, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргонуу дареметин бекемдөө зарылчылыгын баса белгиледи.

Эстония президенти Тоомас Хендрик Орусия украин конфликтинин катышуучусу экенин моюнуна алып, согушту токтотууга аракет кылышы керектигин кошумчалады.

Барак Обаманын Балтика аймагына сапары бүгүн башталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG