Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра” орток пикир таба элек


“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, "Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү 25-30-август күндөрү Бишкекте болуп, кыргыз өкмөтүндө, "Кыргызалтында" бир канча сүйлөшүүлөр өттү. Анда, “Центерра” даярдаган келишимдердин долбоору талкууланды.

- Биз айрым келишимдердин долбоорлоруна макул болбой өзүбүздүкүн сунуштадык. Биз даярдаган документ февраль айында Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун негизинде даярдалган. Алар бул документтерди компаниянын директорлор кеңешинин талкуусуна коюу үчүн Канадага алып кетишти. Мындан ары эки тараптын юристтери иштемекчи, сүйлөшүүлөрдү эки тарап жалдаган юридикалык компаниялар жүргүзөт, - дейт Мамытов.

Буга чейин “Центерранын” жетекчилиги Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштеринен чочулап, Бишкекке келбей жаткан эле. Ушул жылы февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, парламент жактырышы керек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG