Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү Баткендеги жол курулушуна күбө болушат


Эртең, 4-сентябрда Баткендин Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу болот. Кыргыз тарапты күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектесе, коңшу өлкөдөн премьер-министрдин жардамчысы Муродали Алимардон баштаган өкүлдөр келет.

Тараптар Көк-Сай – Ак-Таш – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушуна жеринен күбө болушат. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, ушул эле күнү Лейлек районундагы Кулунду – Максат жолундагы эки көпүрөнүн курулушу да башталат.

Ушул жылдын 11-январында Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна чек ара тактала элек деген жүйө менен тажик тарап каршы чыгып, эки өлкө чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Ок атышуудан Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алган. Чырга себепчи болгон жол курулушу ошондон бери токтоп турган.(UEz)

XS
SM
MD
LG