Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Казакстанда энергетика министрине каршы пикет өттү


Отуздан ашуун бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жакында кызматка дайындалган энергетика министри Владимир Школьникти жумуштан алууну талап кылып, 3-сентябрда пикетке чыгышты.

“Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, алар Астанада президент Нурсултан Назарбаевдин администрациясына келип, кат салынчу атайын кутучадагы билдирүүнү мамлекет башчыга жолдошту. Билдирүүдө Казакстандын аймагына атомдук электрстанция куруу боюнча Москванын идеясын колдобоо чакырыгы жазылган. Ошондой эле Байконурда Орусия ишке ашырып жаткан космостук программа экологияга зыян келтирерин белгилеп, аны да токтотууга чакырышкан.

Акция катышуучулары министр Школьник улуттук кызыкчылыктарды көз жаздымда калтырып, Орусиянын идеясын колдоп келерин белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG