Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

“Алай” футбол командасы украиналык оюнчулар менен толукталды


Оштун "Алай" командасы келишим менен Украинадан эки оюнчу алды. Алар быйылкы футбол сезонунун экинчи этабында – сентябрдан ноябрга чейин команданын курамында ойнойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Алай” футбол командасынын директору Нурдин Стамов билдирди.

Украиналык футболчулар – Николай Борозно жана Мартин Басов экөө тең 20 жашта.

- Бирөө Харьковдон, экинчиси Донецк шаарынан келди. Украинанын аймактык чемпионатынын катышуучулары. Бири чабуулчу, бири жарым коргоочу болуп майданга түшөт, - деди Стамов.

Ошондой эле “Алай” командасынын курамына мурда “Абдыш-Атада” ойногон Карим Исраилов да кошулду.

Футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын экинчи бөлүгү октябрда башталат. Анда "Дордой", "Абдыш-Ата", "Алай" жана Бишкектин "Алга" командалары күч сынашат. (SE)

XS
SM
MD
LG