Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Яценюк Путиндин тынчтык планына ишеним артпай турганын билдирди


Донецк аймагындагы украин аскерлеринин танктары. Украина. 03.9.2014.
Донецк аймагындагы украин аскерлеринин танктары. Украина. 03.9.2014.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк Орусия тараптан тынчтык планы сунушталып жатканы тууралуу маалыматтын “ишенимге татырлык эместигин” белгиледи. Анын айтымында, расмий Москва ушул жол аркылуу Батышты алдоону жана алдыда күтүлүп жаткан Кремлге каршы жаңы санкцияларды ишке ашырбоону көздөп жатат.

Орус президенти Владимир Путин Украина боюнча жумушчу топтун жолугушуусунда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу кабыл алынаары, бул боюнча президент Петр Порошенко экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, 7 пункттан турган план түзүлгөнү тууралуу шаршембиде журналисттерге билдирген болчу. Бул маалыматтын ишенимге татыбастыгын айткан Яценюк Украина Орусия менен чек арасын олуттуу түрдө бекемдөө иштерин баштай турганын белгиледи:

- Украин бийлиги Орусия менен чек араны бекемдөөчү “Дубал” долбоорун ишке ашырат жана НАТО менен кызматташуунун өзгөчө ыкмаларын издеп табабыз.

Апрель айынын башынан бери Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер украин өкмөт күчтөрүнө каршы салгылашууда. Бул согуш аракеттери үчүн Батыш жана расмий Киев Орусия бийлигин күнөөлөп жатат. Расмий Кремль бул пикирди курулай доомат катары четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG