Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Курбанова: Жоолук маселесине чекит коюш керек


Мектепке жоолукчан келүүнү колдогондордун акциясы. Бишкек, 19-сентябрь, 2011.
Мектепке жоолукчан келүүнү колдогондордун акциясы. Бишкек, 19-сентябрь, 2011.

Парламенттин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында вице-спикер Бөдөш Мамырова өкмөт хижаб мектеп формасына кирбейт деген позициясын так аныктап алышы керектигин билдирди. Ислам илимий изилдөө институтунун эксперти Назира Курбанова жоолук маселеси боюнча "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жоолук маселеси жыл сайын эле көтөрүлүп турат эмеспи. Негизи светтик өлкөдө бул маселени кандай чечүү керек?

Назира Курбанова: Ооба, сентябрь айы башталганда эле Кыргызстанда жоолук маселеси көтөрүлөт. Тилекке каршы ушул кезге чейин бул маселе чечилбей келатат.

Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Себеби учурда Кыргызстанда коомдун басымдуу бөлүгү ислам динине ишенсе, ошол эле кезде светтик көз караштагы, нейтралдуу мамиле жасаган адамдар да бар. 20 жылдан бери айрымдар өз балдарын шариаттын, социалдаштыруу процесстин негизинде тарбиялап келди. Ошол себептен бул маселени чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгын унутпаш керек.

Мектептин директорлорун да түшүнсө болот. Мектеп формасы болсо, балдар жакшынакай кийинип жүрсө, бул жакшы көрүнүш болмок. Ошол эле мезгилде мусулман үй-бүлөлөрдөгү кыздар үчүн жоолук бул шарт. Алар жоолугун чечип жүрө албайт.

Мына мектеп формасы смс добуш берүү аркылуу тандалды. Ошол эле кезде мектеп формасында юбкасын өзгөртүп, жеңин узартып, жоолугун кошсо болот. Улуттук формада жоолук салынса хижаб деген маселе жаралбайт. Маселе качан пайда болууда? 5-6 жаштагы кыздар жоолук оронуп алганда бул светтик көз караштагы адамдар арасында талкуу жаратууда.

“Азаттык”: Айрымдар кыздарына хижаб кийгизүүнү каалагандар аларды медресеге окутуш керектигин, башкалар бул маселе Конституцияда каралган дин тутуу эркиндиги дешет. Мындан эки ача пикирлер коомдун ынтымагына доо кетирип алышы мүмкүнбү?

Назира Курбанова: Биз демократиялык өлкөдө жашагандан кийин ар бир жаран кааласа кадимки мектепте окуйт, каалабаса медресеге барат. Бирок медресенин маселеси 1-класстан баштап чечиле элек. Ошон үчүн бул жерде мамлекет тарабынан ушул маселени чечүүгө жардам бериш керек.

“Азаттык”: Жоолук маселесин айрым саясатчылар өз кызыкчылыгында колдонуп, көбүртүп жатканы айтылып келет. Бул пикирге кошуласызбы?

Назира Курбанова: Кошулам. Себеби мусулмандар – чоң электорат. Албетте айрым бир саясатчылар муну колдон чыгаргысы келбейт.

“Азаттык”: Ислам илимий изилдөө институту жоолук маселесинин тегерегинде иш-чара өткөрмөк элеңиздер. Ал эмне болду?

Назира Курбанова: Биз 4-сентябрда тегерек стол өткөрмөкпүз. Бирок бул кийинкиге калды. Себеби жакында жер-жерлерде имамдар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Теологдор, дин таануучулар экстремизмге каршы тренинг өткөрүшөт.

Биз социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, фактыларды чогулталы деп жатабыз: хижаб саясий маселеби, аны атайын көтөрүп жатышабы, же бул социалдык маселеби? Сурамжылоонун натыйжасында бул саясий маселе болуп чыкса, албетте муну мамлекеттик органдар чечиш керек. Эгерде социалдык маселе болсо, анда диалог аянтчасын уюштуруп, ата-энелердин, мугалимдердин, муфтияттын катышуусу менен бул маселени чечүүгө аракет жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Коңшу Өзбекстанда кыз-келиндерге хижаб кийип, коомдук жайда жүрүүгө тыюу салынган. Тажикстанда болсо мектеп жашындагы балдар мечитке киргизилбейт. Кыргызстанга да ушундай чаралар колдонулушу мүмкүнбү?

Назира Курбанова: Мындай маселе Кыргызстанда жаралышы кыйын. Себеби кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык, парламенттик өлкөдө жашап жатабыз. Диний абал салыштырмалуу туруктуу. Авторитардык өлкөлөрдө болсо күчкө салып тыйып койсо, ошого эл көнүүгө мажбур. Биз башка жол менен кетишибиз керек. Коомчулук, мамлекеттик, укук коргоо органдары, окумуштуулар ушул маселени чечүүгө жардам берип, бир тыянак чыгарсак, мунаса тапсак, жыл сайын эле бул маселе көтөрүлө бермек эмес.

XS
SM
MD
LG