Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Миңге жакын адам биометрикалык маалымат тапшырды


Бишкек жана Ош шаарларында өзү тууралуу биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны миңден ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Нуржан Найзабекова билдирди.

Анын айтымында, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 462 адамдан өздүк маалыматтар алынат. Улуттук өнөктүктү миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзөт.

Маалымат топтоо 27-августта бийлик адамдарынан башталган. Жакын арада өлкө аймактарында да массалык түрдө биомаалыматтарды топтоо өнөктүгү башталат.

Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырышат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометрикалык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Кыргызстан үчүн биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган.

Келерки жылдан тарта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү чет элдиктерди биометрикалык паспорт менен гана кабыл алууга өтөрү буга чейин кабарланган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG