Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

НАТО саммити Украинадагы кризисти талкуулайт


Бүгүн Уэльсте НАТОнун эки күндүк саммити ачылууда. Анда карала турган негизги маселе - Украинанын чыгышындагы абал жана альянстын чыгыш чек арасын бекемдөө. Жыйынга АКШ президенти Барак Обама жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышат. Альянс Украинанын чыгышындагы кан төгүүгө Кремль түздөн-түз шыкакчы болуп жатат деп эсептейт. Ал эми Орусия бийлиги азыркы согушка эч тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Апрель айынан бери Украинадагы согушта 2,5 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

НАТОнун бүгүнкү саммитинде Сирия, Ирак жана Ооганстан маселелери да талкууланат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG