Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай - Тамдык жана Исфара – Ворух жолдорунун курулушу жанданып, аны улантууга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ, Тажикстандан өкмөт башчынын орун басары Муродали Алимардон баштаган расмийлер күбө болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маматалиевдин жардамчысы Айзада Игибаева билдирди.
Быйыл жыл башынан бери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал чыккан. Өкмөттөр аралык ондон ашуун жолугушуулар болуп, августтун аягында тараптар жол куруу боюнча кайра макулдашкан. (JsA)