Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 11:51

Жалал-Абаддагы бир мектепте окуу башталбай турат


Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектептин окуучулары үчүн жаңы окуу жылы баштала элек. Бул тууралуу шаар тургуну Бектемир Сейдалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган мектеп керектен чыккандан кийин 260 окуучу №7 мектепке которулган. Бирок ата-энелер балдарын ал жакка коопсуздукка байланыштуу жибербей жатышат.

Шаар жетекчилери менен болгон жолугушууда алар мектеп короосуна чатыр тигип, окуучуларды ушул жерде окутууну талап кылышты.

Мектеп директору Гүлзат Шерматованын айтымында, ата-энелердин каршылыгынан улам сабактар баштала элек, мектеп болсо 1-декабрда даяр болот.

Бул мектеп өткөн окуу жылынан сонунда билим берүү башкармалыгынын чечимине ылайык жараксыз деп жабылган. Облус аймагында 469 орто мектептин 27си авариялык абалда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG