Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Лавров Путиндин Украина боюнча тынчтык планын кабыл алууга үндөдү


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинаны жана орусиячыл согушкерлерди Владимир Путиндин тынчтык планын кабыл алууга үндөдү. Орус президенти кечээ, 3-сентябрда украин президенти Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин 7 пункттан турган план иштеп чыкканын жарыялаган болчу. Анда Украинанын чыгышында атышууну эки тарап тең токтотушу керектиги, өзүн өзү "элдик республика" деп жарыялап алган аймактардан өкмөттүк аскерлерди чыгарып кетүү, гуманитардык коридорлорду ачуу жана бул шарттардын аткарылышына эл аралык көзөмөл жүргүзүү сунуштары айтылган.

- Биздин бул сунуштарды биринчи кезекте Киев, Луганск жана Донецк угат деп үмүттөнөм, - деп билдирди Сергей Лавров бүгүн Москвада ОБСЕ өкүлдөрү менен жолугушууда.

Ал ошондой эле Украина боюнча абалды турукташтырууга Орусия жардам берүүгө даяр экенин айтты:

- Биз ОБСЕ менен бирге жумушчу топтун алкагында каршылаш тараптардын сүйлөшүүсүнө жардам берүүгө даярбыз.

Путин 5-сентябрда Орусия, ОБСЕ да катыша турган жолугушууда Украина менен жикчилер тынчтык орнотуу планын кабыл алаарына ишене турганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG