Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Экотехинспекция сауналардын электр жарыгын кырка албайт


Экологиялык-техникалык көзөмөл боюнча инспекция электр энергиясын 3 фазада колдонгон сауналарга чектөө кое албайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Анарбек Авазбеков билдирди.

- Биздин инспекция 3 фаза менен электр энергиясын колдонгон сауналарга барып светин кырка албайт. Бул үчүн өкмөттүн токтому керек. Кыштан чыгуу боюнча түзүлгөн штаб иш-планын жакын арада бекитет,- деди Авазбеков.

Кечээ өкмөт жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев электр энергиясын 3 фазада колдонгон шаардагы 156 саунанын свети эмдигиче өчүрүлбөй жатат деп экотехинспекциянын башчысын сынга алган.

Быйыл өкмөт Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондуктан кышында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизген. Ага ылайык электр энергиясын турак-жайды жылытуу үчун колдонгондорго тыюу салынат (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG