Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Жыл соңуна чейин дагы 34 мектеп ишке кирет


Кыргызстанда жыл соңуна чейин дагы 34 мектеп ишке кирет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бюджет эсебинен жалпысынан 56 мектептин курулушуна каражат бөлүнгөн.

- 1-сентябрга карата 22 жаңы мектепти ишке киргиздик. Былтыр 40 жаңы мектеп салынган. Быйыл болсо өкмөт башчы 56 мектепти бүтүргүлө деп тапшырма койгон. Кудай буюрса курулуш иштери план боюнча жүрүп жатат, - деди Мамбетов.

Билим берүү министрлигинин маалыматында өлкөдө 147 мектеп авариялык абалда. Өлкө боюнча жалпысынан 117 мектепте ар кайсы баскычтагы курулуш иштери жүрүп жатат. 7 мектептин окуучулары быйылкы окуу жылда жеке үйлөрдө билим алыгшат. (UEz)

XS
SM
MD
LG