Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Pussy Riot тобу жеке маалымат каражатын ачты


Орусиялык Pussy Riot панк тобунун ырчы кыздары жеке маалымат каражатын ачты. Топтун мүчөсү Надежда Толоконникова Facebook баракчасында жазганына караганда, басылма «Медиазона» деп аталат. Ага сот, камоолор, сот өкүмдөрү, абактардагы абал, нааразылыктар, камактагылар тууралуу макалалар чыгып турмакчы.

Башкы редактор болуп «Русская планета» басылмасынын редакторунун мурдагы орун басары Сергей Смирнов дайындалды. «Медиазона» үчүн «Газета.ру», «Дождь», «Большой город», «Русская планета», «Полит.ру» жана The New Times редакцияларынын кабарчылары да жазып турмай болууда.

Pussy Riot 2012-жылы панктарча кийинип алып чиркөөгө кирип, Путинге каршы ыр ырдаганы үчүн камалган болчу. Кийин мунапыс боюнча бошонуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG