Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Ооганстан: Газниде коопсуздук кызматынын имаратына чабуул жасалды


Мамлекеттин чыгышындагы Газни шаарында коопсуздук кызматынын кеңселери жайгашкан аймакка чабуул жасалып, 31 адам набыт болду. Ондогон киши жараат алды.

Бийлик тараткан маалыматка ылайык, бейшемби күнкү салгылашуу бир саатка созулуп талиптерден 19, аскер адамдары жана жөнөкөй жарандардан 12 киши мерт кетти. Алгач жанкечти мина коюлган унааны Улуттук коопсуздук башкармалыгынын имаратынын алдына алып келген, андан соң согушкерлер тобу мекемени басып алууга аракет жасаган.

“Азаттыктын” ооган кызматы кабарлагандай, ал күнү талиптер тарабынан калаа бир нече ирет ракета аркылуу да аткыланган. Газни провинциясынын губернатору соккулардан шаардык китепканага жана эки музейге зыян келтирилгенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG