Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Каржы министрлиги көмүр боюнча кызматтык териштирүү баштады


Каржы министрлигинде көмүр сатып алууга бөлүнгөн каражаттын 10 пайызы өөнөлөт деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

2-сентябрда өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Каржы министрлиги көмүр сатып алууга бөлүнгөн акчанын 10 пайызын өөнөп каларын айткан. Өкмөт башчынын мындай билдирүүсү коомчулукта резонанс жараткан.

Министрлик болсо Оторбаевдин айтканы такталбаган маалымат экенин айтып, өөнөлгөн акчаларды териштирүү зарылдыгын билдирген.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG