Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

“Көчмөндөр оюнуна” Башкыр президентинен башкасы келер-келбесин айта элек


9-сентябрда башталчу түрк тилдүү элдердин “Көчмөндөр оюну” деп аталган улуттук ат оюндарына бир канча өлкө президенттери чакырылган, бирок Башкыр президентинен башкасы келер-келбесин айта элек. Бул тууралуу аталган оюндарды уюштуруу тобунун башчысы Руслан Бекболотов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ат оюндарына чакырылган өлкө башчылары расмий жоопторун бере элек. Бирок президенттин чакыруусун Монголия, Кытай, Катар, Сауд Арабиясынын лидерлери четке каккан эмес.

Айрым маалымат каражаттары “Көчмөндөр оюнуна” Азербайжан, Ооганстан, Венгрия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан президенттери келбей тургандыгын жазып чыгышты.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. .(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG