Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

15 мугалимдин ачкачылык акциясы мектеп директорун иштен алды


Нарындагы Үсөн Асанов атындагы облустук лицейдин директору Жаңыл Жаанбаева билим берүү министринин буйругу менен кызматынан алынды. Бул тууралуу аталган лицейдин кесиптик кошуунунун төрайымы Бактыгүл Абылова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге аталган мектеп мугалимдеринин нааразылыгы себеп болгон. Аталган мектептин 15 мугалими Жаанбаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылып, кечээ ачкачылык акциясына чыгышкан. Алар Жаанбаеваны мектепке жакындарын чогултуп алып, аларга көп айлык берип жатат деп айыптап чыгышкан.

Ал эми мектеп жетекчиси Жаңыл Жаанбаева өзүнө карата айтылган дооматтарды жокко чыгарат. Ал бул каршылыкты кызмат ордуна кызыкдар тарап чыгарып жатат деген ойдо.

Нарын облусу боюнча жалгыз Асан Үсөнов атындагы лицей - жатак мектеби бар. Анда жалпы 200дөн ашык окуучу, алардын 98и жатып окуйт. Жатып окугандар ата-энеси жоктор, же ата-энесинин окутууга шарты жок окуучулар. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG