Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:24

Ажылык сапар башталарына эки күн калды


Кыргызстандыктар быйылкы ажылык сапарга 8-сентябрдан тарта жөнөшөт. Бул тууралуу муфтий Максат ажы Токтомушев билдирди. Анын айтымында, ажылыкка 3685 зыяратчы аттанат.

Быйылкы ажылык зыяратка барчуларды Fly Dubai компаниясы ташыйт. Муфтий Максат ажы Токтомушев баштаган топ Сауд Арабияга барып, зыяратчыларды мурда тандалган Fly Dubai компаниясын ташууга уруксат алган.

Буга чейин зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алуу үчүн апрель айында ачык сынак өткөн. Ага катышкан алты компаниянын ичинен билет баасын 1 300 доллар деп сунуштаган Fly Dubai жеңип алган. Бирок Сауд Арабия Fly Dubai компаниясына уруксат бербей, өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап чыккан. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG