Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Минскте Чыгыш Украинадагы атышууну токтотуу сүйлөшүлөт


Чыгыш Украинадагы атышууларды токтотуу, абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө Украина-ЕККУ-Орусия өкүлдөрү катышары айтылган. Эгер 5-сентябрда Минскте өтө турган жолугушууга Украина өкмөтүнүн жана орусиячыл жикчилдердин өкүлдөрү катышып, сүйлөшүү башталса, украин бийлиги атышууну токтотууга даяр экенин кечээ Уэльсте өткөн НАТО жыйынында украин президенти Петро Порошенко билдирген болчу.

Үч тараптуу сүйлөшүү жергиликтүү убакыт боюнча 14:00дө башталышы керек. Анда Украинанын тынчтык планын ишке ашыруу боюнча документке кол коюлары күтүлүүдө.

Апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин атышууларынан 2,5 миңдей адам каза тапты. (KE)

XS
SM
MD
LG