Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Чолпон-Атада “Бир дүйнө – Кыргызстандын” тасмасын көрсөтпөй коюшту


Чолпон-Ата шаарынын жетекчилиги “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын бүгүнкүгө белгиленген тасмасын көрсөтпөй коюшту. Бул тууралуу аталган фестивалдын негиздөөчүсү Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди.

- Биз эки күн мурда шаар жетекчилиги менен тасманы көрсөтүү боюнча макулдашканбыз. Бирок бүгүн тасмадагы кинотеатрдан көрсөтпөй коюшту. Биз бул боюнча акт түзүп, тиешелүү органдарга кайрылабыз. Алар кызмат абалынан аша чаап, биздин укуктарды тепсеп жатышат, - деди Исмаилова.

Ысык-Көл райондук кино дирекциясынын башчысы Кубанычбек Бектемиров тасма көрсөтүүгө эч ким уруксат албаганын билдирди.

Чолпон-Ата шаарынын жетекчилиги былтыр да аталган фестивалдын укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу тасмасын көрсөтпөй койгон болчу.

Фестивалдын уюштуруучулары көлдүктөргө көртсөтүлчү тасмада адам укутарынан башка эч кандай саясий маселе жок экенин айтышат.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалар 15 күн ичинде өлкөнүн эң алыскы 24 айылында көрсөтүлөт.

Быйыл 8-жолу өтүп жаткан даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Даректүү тасмалар көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG