Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Кэмерон: Орусия бардык эрежелерди бузуп жатат


Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон Уэльсте өтүп аткан НАТОнун саммитинде “Орусия көздүн карегиндей болгон эл аралык эрежелердин бардыгын бузууда” деп белгиледи. Ал Орусиянын Крымды кошуп алуусун жана Украина чыгышына аскер киргизилишин айыптады. Ал НАТО украин бийлиги менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы чатакка үстөмдүк кыларын белгиледи. Ошондой эле НАТО өнөктөштөрүн, Чыгыш Европанын мүчөлөрүн колдой турганын ырасташы керек деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, биригүүгө даяр өлкөлөр үчүн НАТОнун эшиги дайым ачык экенин айтып, Украина альянстын сыртында калбаган, баарына ачык өлкө болушу керектигин кошумчалады. НАТО 15 млн. евролук фонд түзүлөрүн жарыялады. Ал жараат алган аскерлерди дарылоо, Киев логистикасын колдоо, башкаруу жана байланышка жумшалмакчы.

Орусия Украинага аскер жөнөттү деген маалыматтарды четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG