Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Каптагаев: Чолпон-Атада кыйылган бактардын ордуна көчөт отургузулбайт


Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясындагы кыйылган бактардын ордуна көчөт отургузулбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтымында, аталган аллеядагы бактар “Көчмөндөр оюнуна” карата эмес, мурдатан даярдалган план боюнча кыйылган.

- Бактар кыйылып анын ордуна автоунаа токтоочу жай курулат деген маалымат туура эмес. Анткени биз ал бактарды мурда эле кыймакпыз. Анын үстүнө алардын баары куурап бүттү. Көчмөндөр оюнуна келгендердин башына кулап түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кечээ эле катуу шамалдан ошол жердеги үч бак кулады,- деди Каптагаев.

Мындан мурдараак Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Чолпон-Атадагы жол жээгиндеги 178 бакты кыюуга уруксат берген. Бирок вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын көрсөтмөсү менен бак кыюу иши токтотулган.

Талаш жараткан аллеядагы бактар 1926-жылы тигилген. Бул жерге Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG