Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Баткен: чек арадагы көпүрө курулушу баштала элек


Курулуштун башталышы 4-сентябрга мерчемделген Лейлек районундагы Кулунду - Максат жолундагы эки көпүрөнүн иши жандана элек. Буга Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү кечээ аталган аймакка келбей койгондугу себеп болгон.

Бүгүн көпүрө курулчу аймакта Кыргызстан менен Тажикстандын транспорт жана коммуникация министринин орун басарлары жолугуп, бир келишимге келе албай курулуш дагы башталбай калды. Тажик тарап көпүрө курулчу аймакка өз чек арачыларын алып келип, курулушка тоскоол болуп жатканын Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев “Азаттыкка” билдирди.

- Тажикстандын чек арачылары мурда турган жайына кайра барбаса көпүрөнү куруунун кереги жок, абал мурдагыдай эле кала берет. Тажик чек арачылары 25-август күнкү ок атышуу окуясынан кийин мурда турган ордунан Кыргызстан тарапка көпүрө курлчу тарапка жылып алышкан,- дейт айыл башчы.

Кечээ вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ, Тажикстандан өкмөт башчынын орун басары Муродали Алимардон баштаган расмийлер менен Баткен районундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун баштап жатып Кулунду - Максат көпүрөсүн куруу ишин баштоо боюнча да эки тарап макулдашканын билдирген.(JsA)

XS
SM
MD
LG