Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Орусия украин таттууларына тыюу салды


Роспотребнадзор 5-сентябрда Украинадан кондитердик азыктарды алып келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Ага АВК жана “Конти” компанияларынын азыктардын сапаттык белги мүнөздөмөлөрүн бузгандыгы себеп болгон. Украин президенти Петро Порошенкого таандык “Рошен” компаниясынын азыктарына Роспотребнадзор мындан бир жыл мурда тыюу салган.

2013-жылы украин кондитерлери Орусияга дээрлик 500 млн. долларлык продукция эскпорттогон. Жазында Орусия алты украин фирмасынын сүт азыктарына тыюу салган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG