Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Орусия: Украинаны колдогон укук коргоочу өлкөдөн чыгып кетти


Санкт-Петербургда жашаган укук коргоочу Наталья Цымбалова Украинаны колдогон митингдерге катышканы үчүн Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Цымбалова кумсалардын укугун коргогон уюмдун негиздөөчүсү. Ал учурда Испанияда, Мадридде экенин Фейсбук баракчасына жазган. Анын айтымында, Украинаны колдогон митингге катышкандан соң анын телефонуна белгисиз бирөөлөрдөн коркуткан каттар келе баштаган. Цымбалова саясий баш паанек алуу үчүн Мадридде тиешелүү органдарга арыз жазганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG