Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Чолпон-Ата: ат майдандын курулушу бүтө элек


Ачылышы бүгүнкүгө белгиленген Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу бүтө элек. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери кечеңдеп бүгүнкүгө белгиленген ачылыш болбой калды.

- Жумушчулар 20 саат бою тынбай 3 нөөмөттө иштеп жатышат. Кудай буюрса бүгүн түнү менен бүтүргөнгө аракет кылабыз. Калган майда иштери эртең бүтөт, - деди Касенов.

Бийлик өкүлдөрү буга чейин аталган ат майдандын курулушу 1-сентябрда бүтөт деп убада кылып келишкен.

800 орундук ат майдан “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 киши бата турган болуп кеңейтилүүдө, курулуш иштери үчүн 68 млн. сом бөлүнгөн.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG