Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

НАТО ыкчам аракеттенчү курам түзүү боюнча макулдашты


НАТО Орусиядан келген коркунучтарга каршы туруу үчүн ыкчам аракеттенчү атайын курамды түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу НАТОнун Уэльсте өтүп жаткан жыйынында Түндүк альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди. Анын белгилешинче, НАТОго кирбеген бир дагы өлкө Түндүк альянстын чечимдерине вето кое албайт. Маалыматка ылайык, ыкчам аракеттенчү курамга аскер аба жана аскер деңиз бөлүктөр кирет. Саммиттин катышуучулары Грузиянын НАТОго мүчө болуусуна жардам берүү жолдорун макулдашты.

НАТО саммити Уэльсте кечээ башталган. Анда негизинен Украинадагы абал, Сирия, Ирак жана Ооганстан маселелери да талкууланды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG