Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

“Көчмөндөр оюнуна” тажик президенти келбейт


9-сентябрда башталчу түрк тилдүү элдердин “Көчмөндөр оюну” деп аталган улуттук ат оюндарына сыйлуу конок катары чакырылган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келе албай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик протокол департаментинин башчысынын орунбасары Айбек Маматбеков билдирди.

Анын айтымында Рахмон 11-12-сентябрда Дүйшөмбүдө өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу “Көчмөндөр оюнунуа” катыша албайт.

Маматбеков кошумчалагандай, аталган иш-чарага бир канча өлкө президенттери чакырылган, бирок Башкыр президентинен башкасы келер-келбесин так айта элек.

Айрым маалымат каражаттары “Көчмөндөр оюнуна” президент, премьер-министр жана парламент төрагасы тарабынан чакырылган Азербайжан, Ооганстан, Венгрия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан президенттери келбей тургандыгын жазып чыгышты.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG