Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

"Көчмөндөр оюну": кыргыз спортчуларын күчтүү атаандаштар күтүп турат


9-сентябрда башталчу түрк тилдүү элдердин “Көчмөндөр оюну” деп аталган улуттук ат оюндарында кыргыз спортчулары 17 мамлекеттен келген күчтүү спортчулар менен беттешет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз курамасынын жалпы командалык эсепте жеңишке жетиши күмөн.

- Бизге 17 мамлекеттен күчтүү спортчулар келет. Өзгөчө күрөш боюнча Казакстан, Түркия жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн күчтүү балбандар катышат. Ат чабышта да атаандаштарыбыз күчтүү, - деди Касенов.

“Көчмөндөр оюнунда” 10 спорт түрү боюнча таймаш болот. Жалпы байге фонду 15 млн. сомду түзөт.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG