Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Тери рагына чалдыккан Бахтиярдын абалы оор бойдон калууда


Теринин рак оорусуна чалдыккан 8 жаштагы Тынчтыкбек уулу Бахтиярдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, Бахтияр операция жасатуу үчүн Москвага апасы менен 29-июлда эле барган.

- Учурда анын абалы өтө оор. Алар анализ тапшырып жаткан Рогачева илимий-изилдөө борбору Бахтиярды дарылай албайбыз деп андан баш тартышты. Азыр башка бир борбор химия терапиясы менен дарылайбыз деп жатат. Бирок бир курстун баасы эле 250-300 миң рубль экен. Бахтиярды аталган борбордун врачтары немистер менен биргеликте дарылашы үчүн 21 курстан өтүш керек , - деди Кулукеева.

Бахтияр бул илдет менен 2 жашынан бери алпурушуп келет. 2011-жылдагы автокырсык анын оорусун ого бетер күчөткөн. Бахтиярдын энеси ошондон бери колунда бар адамдардан жардам сурап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG