Пакистанда суу ташкыны жүзгө жакын адамдын өмүрүн кыйды. Өлкөнүн кырсыктар боюнча мекемесинин өкүлү Ахмад Камалдын айтымында, акыркы эки күндө Пенджаб, Кашмир, Гилгит-Баластан аймактарында жүзгө жакын адам каза болду.
Бийликтер жакынкы күндөгү жаан-чачын курмандыктардын санын дагы көбөйтөт деп чочулап жатат.
Пакистанда коңшусу Индия сыяктуу эле жаан-чачындын мезгили көптөгөн суу ташкындары менен коштолот. Мындай суу ташкын акыркы төрт жылда биринчи жолу катталып отурат. 2010-жылдагы нугунан чыккан суудан 1800гө жакын адамдын өмүрү кыйылган.