Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Малайзия Украина чыгышына эксперттерин кайрадан жөнөтөт


Малайзия өкмөтү “Боинг-777” кыйраган Украина чыгышына адистерин кайрадан жөнөтөт. Бул тууралуу Малайзия өкмөт башчысы Наджиб Разак билдирди. Анын айтымында, кырсыкка күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн адистер жеринен далил заттарды чогултушат.

Авиакырсыктын курмандыктары эл аралык тергөөчүлөрдүн жардамы менен табылган. Учакта каза болгондордун сөөгүн издөө аймактагы согушка байланыштуу 6-августта токтотулган.

Кырсыкты иликтөө тобунун башында турган нидерландиялык адистер 9-сентябрда кыйроонун себептери боюнча алдын ала баяндама жасайт.

Malaysia Airlines компаниясына таандык лайнер Амстердам-Куала-Лумпур багыты боюнча учуп баратып орусиячыл жикчилдер тарабынан 17-июлда атып түшүрүлгөнү айтылган. Бул кырсыктан 298 адам мерт кеткен. Орусия болсо учактын кыйрашына украиналык аскерлерди айыптап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG