Облус аймагында жыл башынан бери 349 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 29% өсүп кеткен.
Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын улук инспектору лейтенант Каныбек Маматкулов билдирди.
Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы үчөө түрдүү жараат алган.
- Көпчүлүк өрт кырсыктары турак-жай, авто токтотуучу жайларда жана жүрүп бара жаткан автоунааларда, ачык аймактарда катталууда, - дейт Каныбек Маматкулов.
Соңку учурларда аба ырайы кургакчыл болгонуна байланыштуу Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматы тургундарды өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. (RsK)