Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Нарын, Жалал-Абад шаарларында мэр шайлоо өтөт


Эртең, 8-сентябрда Нарын жана Жалал-Абад шаарларында мэр шайлоо өтөт. Калаа башчысын шаардык кеңештин депутаттары тандайт.

Нарын шаарында калаа башчылыгына “Ак шумкар” фракциясынан Рахат Адиев, “Ата Мекенден” Автандил Молдосалиев, “Мекен Ынтымагынан” Нурлан Максуталиев, “Замандаш-Современниктен” Марат Ысмайылов, “Республикадан” Нурбек Молдокадыров ат салышууда.

Аталган шаардын мэри Баатырбек Жээналиев ушул жылдын 15-июлунда кызматынан кеткен.

Ал эми Жалал-Абад шаар башчылыгына КСДП фракциясынан учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан Салайдин Авазов, “Өнүгүүдөн” Нурлан Маматов сунушталган.

Калаанын мурдагы мэри Муктар Арапбаев өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Эки шаарга тең премьер-министр өз укугунан пайдаланып талапкер көрсөткөн жок. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG