Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

АКШ украин куралдуу күчтөрүнө 60 млн. долларлык жардам берет


АКШ Украинанын Коргоо министрлигине, Мамлекеттик чек ара кызматына жана Улуттук гвардияга 60 миллион долларлык жардам берет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Украинадагы элчиси Жеффри Пайэтт Твиттердеги баракчасына жазды.

Элчинин сөзүнө караганда, Украинага аскердик кургак азыктар, чопкуттар, радиостанциялар, автоунаалар, медикаменттер, робот-саперлор ж.б. аскерлерге керектүү жабдыктар берилет.

Ошондой эле, Коргоо министрлигине коргонуу структурасын, киберкоргоону жана логистиканы жакшыртуу жагында көмөк көрсөтөт.

“Буларды 2014-жылдын аягына чейин алып келүү пландалууда”, - деп Ак үй элчинин жазганын бышыктайт.

Ак үйдүн сайтында мындан тышкары Молдова жана Грузияга жардам көрсөтүү пландары бар экени жазылган.

16-26-сентябрда Украинада АКШ күчтөрү менен украин аскерлеринин биргелешкен аскердик машыгуулары өтөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG